Алпаруучу Алексей Филатов 32 жашында каза болду

Алпаруучу Алексей Филатов 32 жашында каза болду. Бул тууралуу анын санаалаштары соцтармак аркылуу билдирип жатышат.

«Алексей Филатовду куткара албай калышты. Апасына чын дилден көңүл айтам. Лешенька, жаткан жериң жайлуу болсун», — деп жазылат алпаруучу Ассоль Молдокматованын билдирүүсүндө.

Алпаруучу Алексей Филатовдун буга чейин пневмониядан улам ооруканада оор абалда жатканы маалымдалган эле. Ал 15 жашынан тартып ТВ берүүлөргө чыга баштаган. «Улуттук хит-парад» көрсөтүүсү аркылуу элге таанылып, кийин продюсерликке өткөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.