Альпинисттер менен киночулар тобу чокуну «Кыргызфильм» деп аташты (видео)

Кечээ, 20-июнь күнү Альпинисттер федерациясы менен кыргыз кинематографисттер тобу Кыргызстандагы чокулардын бирине «Кыргызфильм» деген аталышты ыйгарышты.

Эверест чокусун багындырган альпинист Эдуард Кубатовдун башчылыгында альпинисттер менен кинематографисттер тобу 19-20-июнь күндөрү жол жүрүп, бийиктиги 4350 метрлик чокуга «Кыргызфильм» деген аталышты ыйгарышты. Бул демилге Кыргыз киносунун 80 жылдык юбилейинин урматына ишке ашырылды.