“Алтын глобус” сыйлыгына кимдер татыды?

1-мартка караган түнү АКШнын Лос-Анджелес жана Нью-Йорк шаарларында Голливуддун Чет элдик пресс-ассоциациясынын “Алтын Глобус” сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара пандемияга байланыштуу АКШнын батыш жана чыгыш жээгиндеги эки шаарда бир эле мезгилде өткөрүлдү. Кино жаатында “Оскар” менен катар турган беделдүү “Алтын глобус” сыйлыгы быйыл 78-ирет тапшырылды. Кеченин негизги окуялары катары “Көчмөндөрдүн жери”, “Борат 2” кинотасмалары жана “Жан” мультфильми экиден сыйлыкка татыганы, ошондой эле маркум Чедвик Боузмандын  “Ма Рейни: Блюздун энеси” киносундагы жараткан ролу үчүн “Эң мыкты актер” деп табылганы болду.

“Алтын глобус” сыйлыгына ээ болгондордун тизмеси:

“Эң мыкты драмалык кино” – “Көчмөндөрдүн жери”

“Эн мыкты мюзикл жана комедиялык кино” – “Борат 2”

“Драмалык кинодогу эң мыкты актер” — Чедвик Боузман,  “Ма Рейни: Блюздун энеси”

“Мюзикл жана комедиялык кинодогу эң мыкты актер” – Саша Барон Коэн, “Борат 2”

“Драмалык кинодогу эң мыкты актриса” — Андра Дей“Кошмо штаттар Билли Холидейге каршы”

“Мюзикл жана комедиялык кинодогу эң мыкты актриса” – Розамунд Пайк, “Жалганчы”

“Экинчи пландагы эң мыкты актер” – Дэниэл Калуя, “Иуда жана кара мессия”

“Экинчи пландагы эң мыкты актриса” – Жоди Фостер, “Мавританиялык”

“Эң мыкты режиссер” – Хлоя Чжао, “Көчмөндөрдүн жери”

“Эң мыкты сценарий” – “Чикаголук жетиликтин сот жараяны”

“Чет тилдеги эң мыкты кино” – “Минари”

“Эң мыкты мультфильм” – “Жан”

“Эң мыкты музыка” – “Жан”

“Эң мыкты ыр” — «Io sì (Seen)» — “Бүт жашоо алдыда”

“Эң мыкты драмалык сериал” – “Таажы”

“Драмалык сериалдагы эң мыкты актер” – Жош О’Коннор, “Таажы”

“Драмалык сериалдагы эң мыкты актриса” – Эмма Коррин, “Таажы”

“Эң мыкты комедиялык сериал” – “Шиттс Крик”

“Комедиялык сериалдагы эң мыкты актер” – Жейсон Судейкис, “Тед Лассо”

“Комедиялык сериалдагы эң мыкты актриса” – Кэтрин О’Хара, “Шиттс Крик”

“Эң мыкты телефильм же мини-сериал” – “Ханышанын жүрүшү”

“Телефильм же мини-сериалдагы эң мыкты актер” – Марк Руффало, “Бул чындык экенин билем”

“Телефильм же мини-сериалдагы эң мыкты актриса” – Аня Тейлор-Жой, “Ханышанын жүрүшү”

“Телефильм же мини-сериалдагы экинчи пландагы эң мыкты актер” – Жон Бойега, “Өзгөрүү үнү”

“Телефильм же мини-сериалдагы экинчи пландагы эң мыкты актриса” – Жиллиан Андерсон, “Таажы”.