Алтынай Нарбаева: «36 жыл иштеген мектептен кетүү өтө оор болду»

«36 жыл иштеген мектептен кеттим». Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Алтынай Нарбаева маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, ага мектептен кетүү, кесиптештери менен коштошуу абдан оор болгон. Ал көзүнө жаш алганын да айтты. «Мектептен кетиш мен үчүн аябай оор болду. Кесиптештериме, окуучуларыма ийгилик каалайм», — деди ал.

Ал үйдө болгон жагып жатканын айтты. «Үйдө болгон жакшы экен. Сыналгы көрөт экенсиң. Баарын жыйнап алат экенсиң. Мен «Алтынай, иштешиң керек» дей бериптирмин. Азыр балдарымдын тамагы даяр. Мурда алар менен тең ата жумушка кетип, тамак деле берчү эмес экем. Азыр үйгө чоң келин болуп жатам», — дейт күлүп.