Алтынай Нарбаева: «Кыргыз Эл артисти болдуң дегенде пранк деп ойлогом»

«Мага 1 жума мурун Урмат деген бала чалып, «2-сентябрь күнү сыйлык тапшырууга келесиздер» деди. Мен ишенбей, пранк болуш керек дедим». Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Алтынай Нарбаева маек берип жатып билдирди.

«Дагы бир жумадан кийин чалды. Мен жарлык чыкмайын ишенбейм, 4 жылдан бери жоопту күтүп жүрөм дедим. Анан дагы чалып жарлык чыкты деди. Анан ишендим. Балдарым жумуштарынан Кыргыз Эл артисти болуптурсуз деп жөнөтүштү. Куттуктоолор башталды. Эки телефонум бар, алар ысып баштады. Чалууларды кабыл ала албай, кан басымым жогорулап, мурдум канап кетти. Үйдө эч ким жок болчу, дарыларды ичип алып, телефон менен сүйлөшпөй эле коеюнчу дедим», — деди ал.