Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева тооккана жасаган видеосун социалдык баракчасына чыгарып, эл алдында алкоого алынды. Кечинде тойкана, концерттерде кооз кийинип ырдаган ырчы айым күндүз үйүндө жасаган устачылык өнөрү тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыскача маалымат берди.
«3 жыл мурун үйдө шкаф, шифоньерлер бузулуп калганда перфоратор алышым керек эле деп койгом. Ал сөзүмдү уккан курбум эртеси көтөрүп келиптир. Пандемия учурунда перфоратор менен көп жумуш кылдым. Былтыр дачадагы короолорду тостум, көп оңдоо-түздөө иштерин бүтүрдүм. Тоокторумду көбөйтөйүн деп «падышанын тоогу» деп аталган цесар породасындагы канаттууларды сатып келгем. Анын жумурткалары майсыз, организмге пайдалуу экен. Ремонттон калган майда-чүйдө рейкалар жаткан болчу. Аны чогултуп видеодогу тооктордун уясын жасадым. Видеону чыгарып койсом мага окшоп үй иштерин кылган аялдар көп экен. Мени колдоп, кеңешиңиз үчүн рахмат деп жатышат. «Жездебиз каякта?» деп сурагандар болууда. Аларга жездеңер ручка, кагаз менен иш кылат деп жооп бердим. Тилиң тешилгенден көрө өзүң жасай берген жакшы да, туурабы? Кала берсе чарба иштеринен өзүм рахат алам», — дейт ырчы.