Алтынай Нарбаева: “Ачуум келгенде мурдум кыймылдай баштайт”

#БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева болду. Өлкөдө эпидемиологиялык абал башталгандан тартып, эл аралап кайрымдуулук иштери менен алектенип жүргөн ырчы түз эфирде кызыктуу маек курду.

Алгач алып баруучу тарабынан берилген суроолорго жооп берип, маек ортосунда жандуу үн менен обон созду.

Андан соң атайын даярдалган кыска-нуска суроолорго кезек жетти. Шарт боюнча ырчы суроолорго “ооба” жана “жок” деген сөздөрдү кошпой жооп бериши керек эле. Алтынай Нарбаева тапшырманы канчалык деңгээлде туура аткарганын видеодон көрүңүз.

Ошондой эле маек соңунда эч кимге айтпаган сыры менен бөлүшүп, “Ачуум келе баштаганда мурдум кыймылдай баштайт. Бул кичинемден бери бар. Аны эч кимге айтчу эмес элем. Эми мурдум кыймылдай баштаганын байкасаңар, дароо эле ачуулана баштады деп билгиле” деди ырчы.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз:

Алтынай Нарбаева: «Чыгармачылыгымды колдогон жолдошума ыраазымын»