Алып баруучу Алексей Филатовдун жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылды

Алып баруучу Алексей Филатов жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал дем алдыруучу аппаратка туташтырылды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Достор, менин окуучум, теле алып баруучу Алексей Филатов коронавирустан улам жандандыруу бөлүмүнө түштү. Дем алдыруучу аппаратта жатат.  Абалы өтө оор. Баарыңыздардан анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууну суранам», — деп жазды ал.