Алып баруучу Алексей Филатовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат (сүрөт)

Белгилүү алып баруучу Алексей Филатов кечээ, 12-сентябрда оорудан улам каза болду. Анын буга чейин пневмониядан улам ооруканада оор абалда жатканы маалымдалган эле.

Бүгүн, 13-сентябрда аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты шаардык өлүкканада өтүп жатат. Анын сөөгү Чыгыш айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Алексей Филатов 1987-жылдын 1-декабрында Бишкекте туулган. 2003-жылы КТРКдагы «Улуттук хит-парад» берүүсүн алып бара баштаган. Мамлекеттик телеканалдардагы бир катар теле долбоорлордун автору болгон. 2007-жылдан тартып «Школа танцев Алексея Филатова» продюсердик борборун жетектеген. 2011-2016-жылдары окуучулардын арасында сулуулук сынактарын өткөрүп жүргөн.