Алып баруучу Назира Айтбекова анын артынан аңдуулар болуп жатканын айтты

Рэпер Тата Улан «сындасам саат берди» деп социалдык тармактагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровду сындап жатып, андан белекке саат алганын жазып чыккан эле.

Ал эми бүгүн, 9-сентябрда алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Фейсбуктагы баракчасына «Тата Улан сындаса колуна саат тагып! Мен сындасам артыма ГКНБ тагып! Болмок беле ошо? Аваман белек алыш үчүн кандай сындаш керек экен?» деген пост жарылады.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги алып баруучу айымдын «мен сындасам артыма УКМК тагып» деген билдирүүсү тууралуу кененирээк билүү үчүн өзү менен байланышты. «Менин угушумча, УКМК менин артыман аңдып, мен жөнүндө маалымат чогултуп жатышыптыр. Мен мындай кадамдарга түшүнгөн жокмун. Жарандык активист же саясатчы болбосом… Жаран катары сын айтам. Мен жөнүндө маалымат чогултуп, кемчилигимди таап, анан мени ошону менен коркутуп, тилимди тарттырайын деп жатышса керек», — деди ал.