Алып баруучу Назира Айтбекова “Патриот” төш белгиси менен сыйланды (видео)

Алып баруучу Назира Айтбекова Бишкек шаардык кеңештин “Патриот” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кыргызстандын желегин көтөрүп жүрүп, 18 жылдан бери бир да жолу сыйланбаптырмын. Алакандай кагаз алып көргөн эмесмин. Бүгүн несмин. Оңкомон кетип кала жаздадым. Бишкек шаардык кеңешине жана сыйлыкка мени көргөзгөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев, иним Темирлан Султанбековго чоң рахмат! Бишкек шаардык кеңеш “Патриот” төш белги комплектисин тагышты. Оозум кулагыма жетип, аябай кубанып жүрөм. Эмгегиңдин бааланганы сонун турбайбы!»,— деп жазды ал.