Алып баруучу Нурзат Токтосунова кош бойлуу экенин ачыктады

Акыры Аллахым мага боору ооруп, 3 жыл мурун Акберметимди кучагыма алсам, эми минтип экинчи жолу бактылуу эне болуу шансын ыраа көрүүдө. Бул тууралуу алып баруучу Нурзат Токтосунова соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Кимдир бирөө үчүн балалуу болуу оңой эледир… Бирок мен үчүн ый, сыркоо, операциялар, ажырашуулар, жеке трагедиялар менен коштолду. Өмүр жолу тегиз болбойт тура. Тагдырга жазса, кабыл албаска аргабыз жок. Мамлекеттик иш-чараларды күлүп алып барып, кечинде жаздыкка ыйлаган, кээде жашоодон кечким келген күндөр өттү. Баарына шүгүр. Апам гана мага сен керексиң, кайгырба, бек бол деп артымда турду. Ар бир сыноо мени күчтүү кылды. Сабак алдым. Алдыга гана умтулдум. Акыры Аллахым мага боору ооруп, 3 жыл мурун Алматыдагы ИРМ клиникасы себепчи болуп, Акберметимди кучагыма алсам, эми минтип экинчи жолу бактылуу эне болуу шансын ыраа көрүүдө. Бул бакытты мага окшоп бала күтүп жүргөндөр аябай түшүнсө керек. Айтаарым, Аллахтан үмүт үзбөгүлө», — деп жазды ал.