Алып баруучу Нурзат Токтосунова көз жарды

Алып баруучу Нурзат Токтосунова көз жарды. Ал кубанычтуу кабары менен Инстаграмдагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

«Кудайым бизге уул берди. Өмүрлүү, бактылуу, ден-соолуктуу, ыймандуу болсун ылайым»,— деп жазды ал.

“Ооба, биз кызым экөөбүз жалгыз эмеспиз. Атабыз бар. Мындан бир нече ай мурун таанышып, баш кошконбуз. Тагдыр көп сюрприз камдайт тура. Аты Мирлан, менден 5 жаш улуу» деген билдирүү менен Нурзат Токтосунова турмушка чыкканын ачыктаган эле. Кийинчерээк ал кош бойлуу экенин жазып чыккан.