Алып баруучу Нурзат Токтосунова үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Алып баруучу Нурзат Токтосунова кызы жана жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөт социалдык тармактагы баракчасына жүктөлүп, алдына жүрөк быйтыкча калтырылган.

Алып баруучу айымдын катталуучулары аларга бакыт каалап, ар бир айым бактылуу болууга татыктуу экенин жазып жатышат. “Ооба, биз кызым экөөбүз жалгыз эмеспиз. Атабыз бар. Мындан бир нече ай мурун таанышып, баш кошконбуз. Тагдыр көп сюрприз камдайт тура. Аты Мирлан, менден 5 жаш улуу» деген билдирүү менен Нурзат Токтосунова турмушка чыкканын ачыктаган эле. Бирок ал жолдошунун да, кызынын да сүрөтүн баракчаларына жүктөчү эмес. Кийинчерээк ал кош бойлуу экенин айткан.