Алып баруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен ажырашканын айтты

Алып баруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен ажырашканын жана депутаттыкка талапкер катары аттанган “Биримдик” партиясынан чыкканын айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бүгүн барып партиядан чыгуу арызымды бердим. Күйөөм менен ажыраштым. Аллах мага күч берсин! Учурдан пайдаланып мага ишеним арткан партияга жана шайлоочуларыма чоң ыраазычылык билдирем” деп жазды ал.

Айта кетсек, Нурзат Токтосунова шоумен Максат Надырбековдун жубайы эле. Экөөнүн ортосунда Акбермет аттуу кызы бар.