Жакында гана АКШда «Кэнди» аттуу детективдик триллердин расмий ачылышы болуп өттү. Аталган сериалга америкалык белгилүү ырчы Жастин Тимберлейк продюсерлик кылган.
Башкы ролду анын жубайы Жессика Бил жаратты. Премьерадан соң коомчулукка тараган сүрөттөргө ылайык, өзүн кино чөйрөсүндө ийгиликтүү сынап келаткан Тимберлейк сериалда шерифтин ролун жараткан. Аталган ролу үчүн ал атайын салмак кошуп, мурут, сакалын өстүргөнүн байкоого болот.