«Аң казсаң, тайыз каз деген кыргыздын сөзү так чыгар». Төкмө акын Аалы Туткучев бийликтегилерге кайрылды

Төкмө акын Аалы Туткучев бийликтегилерге кайрылды. Анын айтымында, акындар бийликке калктын үнүн жеткирип турушу керек.

Ал өзүнүн кайрылуусунда массалык камоо боюнча да кеп кылган. «Кары-жаш дебей камоону, кайдан ойлоп таптыңар?» деген акын «Аң казсаң, тайыз каз деген кыргыздын сөзү так чыгар» экенин айтты. Ал түбөлүк бийлик болбой турганын, такты тапшырар күн келерин эске салат.