Анара Сыдыгалиева Стамбулда Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты актрисасы сыйлыгын колуна алды

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анара Сыдыгалиеваны ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму Театрдын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы деп жарыяланганы маалым болгон.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев сыйлык тапшыруу аземи Стамбулда өткөнүн билдирди. «Кыргыз улуттук театр тарыхында биринчи жолу кыргыз актрисасы Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты актрисасы наамына ээ болду. Сыйлык тапшыруу салтанаты Стамбул шаарында бийик деңгээлде өттү.  Таланттуу актрисабыз Анара Сыдыгалиеванын жеңиши — кыргыз улуттук театр өнөрүнүн жеңиши»,- деп жазды ал.