Андрей Малаховдун берүүсүндө кыргыз жигит «Я люблю тебя до слез» ырын созду

Кечээ, 18-июнда «Россия 1» телеканалында Андрей Малахов алып барган «Привет, Андрей» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы көрсөтүлдү. Ал берүү ресторандарда буюртма көп берилген ырларга арналган. Берүүнүн коноктору, анын ичинде белгилүү артисттер «Суббота есть суббота», «Гитара», «Я люблю тебя до слез», «Кайфуем», «Транзитный пассажир», «Ах, какая женщина!», «Потому что нельзя быть на свете красивой такой» жана башка хит чыгармаларды аткарышты.

«Я люблю тебя до слез» ырын Ош шаардык маданият башкармалыгынын кызматкери Данияр Жаныбеков ырдады.