«Англис тилинде манас айтылды». «Манас» үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет ачары өттү (сүрөт)

«Манас» үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 9-августта Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында Америка Кошмо Штатынын жараны, Монтана Мамлекеттик Университетинин магистранты Акылай Байматованын Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча «Манас» үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет ачар аземи өттү.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов , Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу , белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Иш-чаранын алкагында англис тилинде манас айтылып, коомчулуктун кызыгуусун арттырды.