“Анжелика эженин мен тууралуу жазганы – жакшылык каалаганы эмес, өзүн көрсөткүсү келгени” дейт блогер Ажара

Мындан бир нече күн мурун интернет айдыңында блогер Ажара Алишерованын мас абалындагы видеосу тарап, коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. SUPERTV блогер менен жолугуп, окуянын чоо-жайы, коомчулуктун тепкиси жана анын учурдагы абалы тууралуу маек курду.

Блогер бул окуяда аны колдогондор көп болгонун айтып, аларга ыраазычылык билдирди. Бирок алардын арасында ырчы Анжеликанын жазган пикирине нааразы болгонун айтты.

“Жаман сөздү баарынан күтсөм да Анжелика эжеден күткөн эмесмин. Алгач анын жазганын окуганда колум титиреп, өзүм да түшүнбөй калдым. Кийин ойлоп көрсөм, ал кайсы жакта актуалдуу тема болсо ошол жерден атын чыгара калыш үчүн айтат экен. Анын максатын түшүнүп турдум. Бул нерсени мага жакшылык каалап эмес, өзүн көрсөтө калыш үчүн жасады деп кабыл алдым. Ал мени колдоп эмес, урушса элге көбүрөөк жагарын ойлоду окшойт. Мен өзүмдү ал адам менен жакынмын деп ойлоп жүрүптүрмүн. Мага бардык жактан кыйын болуп жаткан учурда жок дегенде жеке баракчама жазса болмок”, — дейт ал.

Ал эми бул боюнча ырчы Анжелика социалдык тармактагы баракчасында видеокайрылуу аркылуу жооп кылган.

“Мени азыр энелер гана түшүнөт. Так, тааныш, мактап жүргөн кызы башкача бир нерсе жасап жатса, четте карап турбай оюңду айтат экенсиң. Уга билип, угумуш болуп, бирок интервьюга барганда башка нерсени сүйлөгөн адамдын келечеги кандай болот билбейм. Эмнеси болсо да ийгилик каалайм. Мен эмнени туура көрсөм ошону жазам, эмнени туура көрсөм ошону сүйлөйм, бул менин жеке пикирим”, — деген ырчы.

Ажара Алишерова менен болгон маекти төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыздар.