Анжелина Жоли соңку ирет тартылган тасманын трейлери жарыяланды

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли тартылган “Мага өлүм каалагандар” тасмасынын трейлери коомчулукка сунушталды.

Фильмдин сюжети боюнча — куткаруу отрядында иштеген башкы каарман Ханна өзүнүн катачылыгынан улам үч адамды токойдогу өрттөн куткара албай калат. Андан соң окуяга күбө болгон өспүрүмдү жашыруунун аракетин көрөт. Фильмде дал ушул эки каармандын мындан аркы жашоосу кандай болору баяндалат.

Кинодо Анжелина Жолинин өнөктөшү жаш актёр Финн Литл. Тасма Майкл Коританын романынын негизинде тартылган, режиссёру Тейлор Шеридан.

Тасма элге 14-майдан тартып көрсөтүлөт.