«Антитела деле бар болчу». Мирбек Атабеков экинчи ирет коронавируска кабылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков экинчи ирет коронавирус илдетине чалдыкты.

Ырчы өткөн жылы бул илдетке кабылганда видео аркылуу оорунун кандай өткөнүн айтып берген.

Ал эми бул ирет атактуу былтыркыга караганда женил өткөнүн айтат. “Менде антитела бар болгондуктан эмдөөдөн өтө элек элем. Ага карабай кайрадан бул илдетке кабылдым. Вирус билинбей келет экен. Арадан 10 күн өткөндөн кийин гана акырындан калыбыма келе баштадым. Бул аралыкта кимдир-бирөөлөрдүн иш-чараларына бара албай калган болсом, кечирим сурайм. Мен тараптан эң туура деген чечим ушул болду”, — дейт ырчы.