Анжелика: “Мени кош бойлуу деген кепке ишенгендер болуптур”

БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы ырчы Анжелика болду. Ал түз эфир учурунда көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жакында эле Түркияга барып дарыланып келген ырчы, “ал жакка барганым да өзүнчө ушакка айланды” дейт.

“Түркияга дарылануу үчүн бардым. Бирок айрымдар “Анжелика кош бойлуу болуп, боюнан алдыруу үчүн чет жакка кетиптир” деген кептерди таратышыптыр. Бир чети таң калсам, бир чети күлкүм келди. Тилекке каршы, ага ишенгендер да болуптур” деди ырчы.

Толугу менен көрүү үчүн шилтеме: