Анжелика: “Жолдошум менен чогуу жашасак да, жашабасак да кыздарыбыз үчүн ата-эне бойдон калабыз”

БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы ырчы Анжелика болду. Ал түз эфир учурунда көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди. Алардын катарында ырчынын жеке жашоосуна тийиштүү суроолор да болду. Тагыраагы, мурдагы жолдошу Урмат Бекболиев менен мамилесине токтолуп, төмөнкүлөрдү айтты.

“Мен үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн көп аракет жумшагам. Эгер күйөөгө “кайра эле ажырашам” деген ой менен тийсем, катары менен 3 кызды төрөбөйт болчумун. Ар бир адамдын маңдайына ар кандай тагдыр жазылат экен. Жашоодо көп нерсе эркек адамдан көз каранды. Эркектер бир аз жоопкерчиликтүү болуш керек. Жоопкерчиликсиз эркектерди жактырбайм. Мурунку жолдошум менен мыйзамдуу түрдө ажырашкандан кийин кайра жарашкан эмеспиз. Чогуу жашасак да, жашабасак да кыздарыбыз үчүн ата-эне бойдон калабыз” деди ырчы.

Толугу менен көрүү үчүн шилтеме: 

https://www.youtube.com/watch?v=kIAkBCgknY0&t=19s