«Апа, мени камап жатышат». Сайкал Садыбакасова коркуу сезим жараткан окуяны айтып берди

«Менин дүйнөм» берүүсүнүн кезектеги каарманы ырчы Сайкал Садыбакасова болду. Ал башынан кетирген катачылыктары, турмуштан алган сабактары, тагдырында болгон чоң бурулуш тууралуу айтып берди.

«Менде бир окуядан кийин коркуу сезим пайда болгон. Анда 14-15 жашта элем. Уральск чек арасынан ишеним каттын бир пункту өзгөрүп кетип, чек арадан өтпөй калгам. Мени поездге салып коюшту. Акыркы станция Казакстандын бир бекети болчу. Ал жерде мени милиция кармап кеткен. Апама чалып, «Апа, мени камап жатышат» деп ыйлагам. Апам өзү барып, алар менен сүйлөшүп, алып чыгып кеткен. Ошондон кийин аябай коркуп калгам. Мен 95 пайыз апама байланып калгам. Энеден ыйык адам жок. Менде азыр апамдан башка эч ким жок», — деди ал.