«Апам 2 уулдан кийин кыздуу болгусу келген». Ырчы, актриса Асема бүгүн 37 жашка толду

Бүгүн, 25-июлда ырчы жана актриса Асема Токтобекова 37 жашка толду.

«1986-жылы апам үчүнчү ирет наристе күтүп жаткан чагы эле. Төрөтү оор болгондуктан эки уулдан кийин көп жыл аралыкта ар бир эне сыяктуу эле кыздуу болгусу келген. Бирок тогуз ай бою эркек төрөлөрүн дарыгерлер айтып жүрүшкөн. Албетте, апам айласы жок аман-эсен төрөттөн эле өтүп алуусун жаратканыбыздан тиленип жүрдү. 25-июль күнү толгоосу башталып, көпкө чейин дарыгерлер алышып жатып, «куттуктайбыз, кыздуу болдуңуз» десе  апам эсин жоготуп коюптур. Кыскасы апам төрөтканада бир ай бою жатты. Мени таежем баккан экен. Атам болсо майрамдан майрам уланып, менин атымды Баян коём деп Казакстандан келсе, таенем менен апам Асема коюп коюшуптур. Ошентип буйруса бүгүн 37ге толдум! Эч нерседен кем кылбай чоңойткон ата-энеме ыраазымын. Эне болуп, өзүм апамды түшүнүп турган кезим»,— деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы айым менен байланышканыбызда, туулган күнүн бул жылы тынчтыкта өткөрөрүн, бул күндү өзүнө кам көрүүгө арнарын айтты.

Эске салсак, ырчы жана актриса айым жолдошу Акжол Нишанов экөө үч баланы тарбиялап келишет.