“Апамдын махабаты” сериалындагы Салия эмне үчүн чыгармачылыктан алыстап кеткенин айтты

«Ностальжи» берүүсүндө биз 19 жыл артка бардык. 2000-жылдардын башында көпчүлүктү экран алдына чогулткан «Апамдын махабаты» сериалын көрбөгөндөр аз болсо керек. Анда карапайым үй-булөнүн уулу Улан, тайманбастык мүнөзү менен элдин эсинде калган Салия жана агайына ашык болгон Керээз бизде конокто болушту.

«Бизде артисттердин маянасы аз да. Ошол кезде абдан кыйналдык окшойт. Окууну бүтүп, батирлеп жүргөндөн тажадым. Анан Орусияга барып, батир алып, келген соң чыгармачылыкка киришем дедим. Бирок акча деп жүрө берет экенсиң. Кыргызстанга келген соң, Токмокто болуп калдык. Шаардан алыс болуп эле жашоо нугу менен өтө берди. Ал жакта бала бакчада тарбия берем. Тойлордо жар-жар айтабыз»,- дейт Асель Мамытова.