“Апамдын махабаты” сериалындагы Улан 19 жыл эмне менен алектенип жүргөнүн айтты

«Ностальжи» берүүсүндө биз 19 жыл артка бардык. 2000-жылдардын башында көпчүлүктү экран алдына чогулткан «Апамдын махабаты» сериалын көрбөгөндөр аз болсо керек. Анда карапайым үй-булөнүн уулу Улан, тайманбастык мүнөзү менен элдин эсинде калган Салия жана агайына ашык болгон Керээз бизде конокто болушту.

Сериалдагы Уландын ролун жараткан Руслан Асаналиев учурда эмне менен алектенип жатканын айтты. «2007-жылы белгилүү бир себептер менен айылга кетүүгө тууралуу келип калды. Ошол боюнча айылда калдым. Арада чет жакка чыгып келип жаттым. Бишкекке келгениме 6 жылдай болуп калды. Театрга болгон эңсөө мени жөн койгон жок. Театрга келдим. Иштейин дедим, бирок чыгармачылыктан алыс болуп калыптырмын. Турмуштун өйдө-ылдыйынан улам чыгармачылыкты таштоого туура келди», — деди ал.