“Апамдын махабаты” сериалындагы Улан: «Ал кезде роль тандоо деле оюма келбептир»

«Ностальжи» берүүсүндө биз 19 жыл артка бардык. 2000-жылдардын башында көпчүлүктү экран алдына чогулткан «Апамдын махабаты» сериалын көрбөгөндөр аз болсо керек. Анда карапайым үй-булөнүн уулу Улан, тайманбастык мүнөзү менен элдин эсинде калган Салия жана агайына ашык болгон Керээз бизде конокто болушту.

Сериалдагы Уландын ролун жараткан Руслан Асаналиев ошол учурда роль тандоо деген эмне экенин деле билбегенин айтат. «Мен ролду тандаган эмесмин. Барганда эле Мурат Мамбетов агайыбыз «Уланды ойнойсуң» деп койду. Мен макул болдум. Ал кезде роль тандоо деле оюма келбептир. Ошентип агайдын айтуусу боюнча роль жараттым»,- деди ал.