«Апамдын туулган күнүндө билгенбиз». Теле алып баруучу Максат Довранов жакында ата болот (видео)

Теле алып баруучу Максат Довранов жакында ата болот. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кудайдын буйругу менен жакында ата-эне болобуз. Бул жаңылыкты 2023-жылы ноябрда, апамдын туулган күнүндө билгенбиз. Дуба кылып коюңуздар», — деп жазып, видео менен бөлүштү.

Максат Довранов былтыр кесиптеши Алтынай Манасбековага үйлөнгөн.