Апасы көзүнө жаш алып… Турдакун Ниязалиев кайната, кайненесине умрага жолдомо белек кылды (видео)

Ырчы Турдакун Ниязалиев ата-энесине умрага жолдомо белек кылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Ата-энеге чоң белек — умрага жолдомо берүү. Түркия же Дубай болбосо, Европага эс алсын деп берилген жолдомо алар үчүн анча деле кызык болушу мүмкүн эмес. Себеби жашы элүүдөн өткөндөр үчүн, руханий сапар маанилүүдүр. Мекке, Медина дүйнөдөгү эң ыйык болгон жерлер. Үч жыл мурун апамды алып бардым эле. Эми болсо, кайын иним, келинчегим болуп акылдашып, кайнатам менен кайненеме умра белек кылдык. Өтө кубанышып, көздөрүнөн кубанычтын жашы тамды. Аларды көрүп биз сүйүндүк. Алар үчүн күтүлбөгөн белек болду», — деп жазды ал.