Ардак грамота алган Нурлан Насип: «Бизге окшогон жаштарга стимул болот экен»

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаров өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ырчылар Нурлан Насип менен Жумагүл Раимжан кызы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы Нурлан Насип менен байланышканыбызда, грамота күтүүсүз болгонун билдирди. «Мен Ошто жүргөм. Чалып сыйлык бар экенин, Ардак грамота берилерин айтышты. Сыйлык биздей жаштар үчүн стимул болот экен», — деди ал.