«Аргеним эшиктен кирип келчүдөй боло берем». Айчүрөк Иманалиева уулун эскерди

Айчүрөк Иманалиева инфаркттан улам каза болгон уулу Арген Иманалиевди эскерип, пост жазды.

«Кулунум менин Аргеним, сени эстеп ыйлабаган бир күнүм боло элек, берекем. Сенсиз биринчи жаңы жыл өттү, көөдөнүм бошоп, ушул убакка чейин эшиктен кирип келчүдөй боло берем. Дагы деле ишенбей, “Апа” деп бир күнү кирип келчүдөй күтөм. Ыйлаганымды көрүп Арлениң, Аэлитаң мени кучактап, сооротконго, алаксытканга аракет кылышат. Карындашыңдын ырдап чыгышын абдан күтүп “мен улантпай калдым, эми Аэлитаны жан жабыла киришип, үзгүлтүккө учуратпай ырдатып чыгаралы” деп айтып, идеяларыңды бөлүшүп калчу элең. Сенин тилегиң аткарылды, карындашың ырдап жатат, а бирок сен жоксуң… Сен аны көрбөйсүң…

Элдин эсинде кичинекей Арген бойдон калган экенсиң, кулунум. Көбү мага кошулуп чын дилинен күйдү, чын дилинен бейиштик болушуңду тилешти. Ушул убакка чейин мени менен кошо куран түшүрүшүп, кайгымды тең бөлүшүп келишет. Мени алаксысын деп жакшы адамдар жана кесиптештерим колдоп келишет, бирок кулунум, ордуң бош, көөдөнүм бош, күчүмдү ыйдан чыгарам… Бейиштен берсин ордуңду, балам. Эртеби-кечпи жолугабыз. Кош, Аргеним…» — деп жазды ал.