Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашова кызына тушоо той берүүдө

Бүгүн, 4-июнда борбордогу тойканалардын биринде актёр Арнис Кыдырмышев менен актриса Альбина Имашова кызы Асманга тушоо той берүүдө.

Тойдо таланттуу үй-бүлөнү залга ырчы Айнура Салахидинова өзүнүн чыгармасы менен алып кирсе, андан соң Умай эне Калича Сейдалиева алас айтып, каадасын кылды.

Тушоо тойго актёр менен актрисанын жакындары, сахналаш достору, театр адамдары чакырылган.

Тойдон репортажды SUPERTV каналынан көрө аласыздар.