Актёр Арнис Кыдырмышевдин кызы Мадалена вайнерге турмушка чыгат

Актёрлордун үй-бүлөсү, Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашованын үйүндө жакында той болот. Кечээ, 1-июнда кызы, актриса Мадалена Абдрахманованын жигити актёр, вайнер Нуркул Адылбеков колун сурады. Кубанычтуу кабар тууралуу Альбина Имашова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.

«Кечээ түнү кызым жигити колун сураган видеосун жөнөтүптүр. Албетте, күткөн эмеспиз. Кызыбыз учурда 18 жашта. Аны жандап жүргөн жигитти тааныйбыз. Нуркул КВНде ойноп, кино талаасында иштеп жүргөн бала. Экөө сүйлөшүп жүргөндүктөн баш кошуусуна каршылыгыбыз жок», — дейт актриса.