Арсен Темирхан: «Бүгүн Бекжан акем экөөбүздүн дуэтибиз жарык көрөт»

«Бүгүн, 29-январда саат 21:30да Бекжан акем экөөбүздүн дуэтибиз жарык көрөт». Бул тууралуу ырчы Арсен Темирхан соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Ал билдирүү менен кошо «Сен бактымсың» деген ырдын тизерин да чыгарды.

Ырчы Бекжан Темирхандын иниси Арсен Темирхан SuperTV телеканалына берген маегинде агасынын жасабай кеткени иштерин уланта турганын айткан эле.