«Арстан Алайга ишенип, куртка албай койгом» деген Аскат Сулайманов көпчүлүктү күлдүрдү (видео)

Актёр Аскат Сулайманов социалдык тармактагы баракчасына «кыш болбойт» деген Арстан Алайга алданып калганын тамашалап айтып чыкты.

«Арстан Алай «зима не будет» дебеди беле? Жаман калп айтыптыр да. Ошого ишенип жука куртка менен өтүп кетем дегем. Эртең курткалар кымбаттайт го, кар жаап эле жатат. Жаман калпычы экен, экинчи ишенбейм. Эртең эртең менен базарга куртка алганы барам. Кымбаттап кетпесе экен»,- деген видео тарткан.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары ноябрь айы жылуу болгондуктан, Арстан Алайдын «Кышты жоюп койдум» деген видеосу менен бөлүшүп, талкуулашкан болчу.