Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы эл аралык кинофестивалда баш байгени алды

Кыргыз режиссёру Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Орусиянын жаштар жана балдарга арналган «Герой» аттуу эл аралык кинофестивалында баш байгени багындырып, кошумча «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө» ээ болду. Андан сырткары Эльдияр Мадаким режиссёрлук кылган «Сальвадор Дали» кыска метраждуу тасмасында роль жараткан жаш актёр Дамир Нурмаматов мыкты актёрдук чеберчилиги үчүн атайын призге татыды.