Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «Ника» сыйлыгына ээ болду

Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» номинациясы боюнча «Ника» кино сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сыйлык тапшыруу аземи 25-апрель күнү Москва шаарында болуп өткөн.

«Ника» кино сыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү — Юлий Гусман. Киносыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.

«Шамбала» фильми буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышкан.