Аруужан Кыргызстанга келгенде эмне үчүн жоолук салып, бирок алып калышкан эмес? Аргендин ата-энесинин жообу

Казакстандагы популярдуу «Бир болайык» теле-шоу берүүсүнө катышкан кыргызстандык Арген Асанов сүйүүсүн тапканын айткан эле. Ал жакында ата-энеси менен Алматы шаарына барып, сүйүктүүсүн кыргыз-казак салты менен алып келгени жатышканын айтат. Арген жана анын ата-энеси тойго даярдыктар тууралуу маек курушту.

«Таанышуу капысынан эле болуп калды. Арген бизге «жоолук, шаан-шөкөт кереги жок, таанышуу бурчу болот» деген. Кошуналар келип, Казакстандан бери келе жатышса деп, баарын уюштуруп жиберишти. Базар жакын, чуркап барып, 2 жоолук алып келе калдым. Келгенде эле аралашып, кызыбыздай болуп калды. Жоолук салганда жүгүнүп жатты. Келин болбосо эмнеге жүгүнүп жатат деп ойлодум, бирок эч нерсе деген жокмун. Туугандар той берген турбайсыңарбы деп таарынышты. Биз күткөн жокпуз дедик. Анан туугандар келишти», — деди апасы.

«Эми узатуу эфирде болот деп экөө тең сөз берип коюшуптур, биз булардын берген сөзүн четке кага алган жокпуз», — деди атасы.