Асел Кадырбекова 32 жашын белгиледи (сүрөт)

Ырчы Асел Кадырбекова кечээ, 19-мартта Бишкектеги кафелердин биринде туулган күнүн белгиледи. Ырчы айым 32 жашка чыкты.

«Көрсө, мен 32 жашка келип, туулган күнүмдү биринчи жолу өзүм өткөрүп жатыптырмын. Туулган күн өткөргөндү анча жактыра берчү эмесмин, бирок менде башка жаңы Асел ойгонду көрүнөт. Кээде өзүм чыгарган чечимге таң кала берем. 32 жашымда койгон максатыма жакын калдым деп айта алам. Азыр менде эмне болсо, ошого шүгүр. Тилекке каршы татаал жол тандаптырмын. Бул жөн жерден эмес, жашоо балын берет», — деп жазды ал.