Асел Кадырбекова: «Жол кырсык жашоомду өзгөрткөнгө өбөлгө болду»

Бул ирет биз ырчы Асел Кадырбекова менен маектештик. Ал интервьюда акыркы жаңылыктары, жашоого болгон көз карашынын, баалуулуктарынын өзгөргөндүгү тууралуу айтып берди.

Ырчы айым жол кырсык жашоосун өзгөртүп салганын айтты. «Жашоом «до и после» болуп бөлүнүп калды. Жашоомду өзгөрткөнгө өбөлгө болду. Жол кырсык азыр эсимде жок», — деди ал.

Ал ошондой эле жол кырсык жашоосундагы адамдардын кимдин ким экенин көрсөткөнүн айтты. «Менин аларга болгон мамилем өзгөрдү. Айрым адамдарды баары бир кечиресиң, бирок адам өзүн кийин кандай көрсөтөт убакыт көрсөтөт», — деди.