Асел Кадырбекова күйөрмандарын текшерип, өзүнө окшош блогердин сүрөттөрүн жүктөдү

Ырчы Асел Кадырбекова күйөрмандарын текшерип, өзүнө окшош блогердин сүрөттөрүн жүктөдү.

Буга чейин эле ырчы айым аны блогер Мадина Каргайга окшоштурушарын жазып келген. Ал эми кечээ, 2-октябрда блогердин сүрөттөрүн жүктөп, «ушундай да болот» деген жазуу калтырган.

Ырчынын кээ бир күйөрмандары сүрөттөгү өзү эмес экенин жазышса, айрымдары ырчынын өзгөргөнүн айтышты. Ал эми ырчы айым бүгүн, 3-октябрда күйөрмандарын дал ушундай жол менен текшерүүнү чечкенин жазды. «Мага катталуучулар видеолорун жөнөтүшөт. Чын эле окшошпузбу текшерейин дедим», — деп жазды ал.