Асел Кадырбекова: «Кызымды үйгө таштап кетсем, өзүмдү күнөөлүү сезе берем»

Бул ирет биз ырчы Асел Кадырбекова менен маектештик. Ал интервьюда акыркы жаңылыктары, жашоого болгон көз карашынын, баалуулуктарынын өзгөргөндүгү тууралуу айтып берди.

«Биринчи орунда балаң, күйөөң, кайын журтуң болот эмеспи. Азыр эң биринчиге өзүмдү коюп баштадым. Мисалы, учакта деле айтышат эмеспи, өзгөчө абал болуп калса, коопсуздук бет кабын өзүңүзгө, анан балаңызга кийгизесиз деп. Жашоодо деле ушундай экен. Биринчи өзүңдү куткарышың керек экен. Жан дүйнөң тынч болгондо гана жаныңдагы балаңа жакшы тарбия бере аласың жана жанындагыларды бактылуу кыла аласың», — деди ал.

Ал ошондой эле үй-бүлөдөгү жалгыз кыз экенин, бирок өзүмчүл эмес экенин айтты. «Иним көп убакыттан кийин төрөлдү. Эне деген балама жакшы болсун дейт да. Жакшы нерселерди мага берип турду. Бирок мен өзүмчүл эмесмин», — деди ырчы айым.

Кадырбекова акыркы чыккан «Кыз узатуу» ыры жөнүндө да кеп кылды. «Ошол ырга даярданып жатканда, кызымды элестеттим. Бул эне үчүн өзгөчө нерсе экен. Ар бир эне кызын бактылуу болсун дейт. Кудай ошол күнгө жеткирсин. Азыр 24 саат бою кызым мененмин. Бала бакчада 5-6 саат болот. Ошол учурда көңүлүм ток болот. Бирок кызымды үйгө таштасам, өзүмдү күнөөлүү сезем», — дейт ал.