Асел Кадырбекова: «Мага коркутуулар келип жатат»

Бүгүн, 10-майда ырчы Асел Кадырбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу анын дарегине карата коркутуулар болуп жатканын жазып чыкты.

Ал өз билдирүүсүндө: “Эгер мага же апама бир нерсе болсо, жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Коркутуулар келип жатат. Ал адамдан мындайды күтсө болот болчу. Менде телефон чалуулардын  жана диктофонго жазылган аудиолор бар. Чектен ашышса, Инстаграмга жүктөйм. Эгер аудиожаздырууну социалдык тармакка жүктөөгө мүмкүн болбосо, журналисттерге берем. Акыбалым жакшырып баратканына, дарыгерлер кыжырланууга болбойт дегенине карабай мени нервденүүгө жеткиришүүдө. Бирок анын муну менен иши жок. Ооба, мен аялзатымын. Бирок, мен өзүмду коргой алам”, — деп жазган.

Кадырбекова бул табышмактуу билдирүүлөр кимдин дарегине карата айтылганын жазган эмес.