Асел Кадырбекова: «Мен эми жеке ишкермин»

Ырчы Асел Кадырбекова социалдык тармактагы баракчасында көптөн бери бөлүшө албай жүргөн сыры менен бөлүштү.

«Бүгүн сиздер менен көптөн бери бөлүшө албай жүргөн сырымды ачыктагым келет. Баарыңыздар мени ырчы, теле алып баруучу жана блогер катары билесиздер. Жакын арадан бери мен эми жеке ишкермин», — деди ал.

Ал өлкөдөгү сулуулук компаниянын негиздөөчүсү болгонун жазды.