Асел Кадырбекова: «Мурдагыга караганда азыр өзүмө болгон сүйүүм күчөдү»

Бул ирет биз ырчы Асел Кадырбекова менен маектештик. Ал интервьюда акыркы жаңылыктары, жашоого болгон көз карашынын, баалуулуктарынын өзгөргөндүгү тууралуу айтып берди.

«Кудайга шүгүр жакшы, баары ойдогудай болуп жатат. Мен каалагандай бат болбой жатат, бирок акырындык менен максатка жетебиз. Мен негизи өзүм ушундаймын, жай кыймылдап, бардык нерсени акырындык менен кылам. Чыгармачылыгым да ошондой болуп жатат»,- деди ал.

Ал ошондой эле алгач сахнага чыккан Асел менен азыркы Аселди салыштырды. «Айырмасы асман менен жердей. Мен 16 жашымдан баштап чыгармачылыкка кызыгып, аралашып баштагам. Ал кезде ишенчээк, коркок болчумун. Азыр өзүңө ишеним пайда болот. Жолуңду билесиң. Өзүмө болгон сүйүүм күчөдү»,- деди ал.