Асел Кадырбекова: «Нурлан экөөбүз расмий ажыраша элекпиз, бирок чогуу жашабайбыз»

Интернет айдыңында ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын эки ажырым жолго түшкөндүгү тууралуу кептер тарап жатат. Буга Асел Кадырбекованын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу катталуучуларынын бирине жооп жазганы себеп болгон. Тагыраагы ырчыга катталуучуларынын бири “Силерди ажырашты деген чынбы?” деген суроо салган. Ага ырчы “Чын. Расмий ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз. Өзүмө келип, көзүмдүн көрүүсү жакшыргандан кийин расмий ажырашам» деген жооп калтырган. Бул боюнча ырчылар азырынча эч кандай билдирүү таратыша элек. Ал эми Нурлан Насип 19-март күнү социалдык тармактагы баракчасына жубайы, кызы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, келинчегин туулган күнү менен куттуктаган.

Элибизде “Чымчыктын да уясы бузулбасын” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай айтылып жаткан кептердин баары төгүндөлүп, ырчылар бактылуу жашоосун улантышына тилектешпиз!