Асел Кадырбекова: «Ошол учурда өзүмдү укмуш келин кылып көрсөткүм келген»

Бул ирет биз ырчы Асел Кадырбекова менен маектештик. Ал интервьюда акыркы жаңылыктары, жашоого болгон көз карашынын, баалуулуктарынын өзгөргөндүгү тууралуу айтып берди.

«Мен ошол учурда өзүмдү укмуш келин, мыкты жубай катары көрсөткүм келген. Анан билбейм, өтө ашырып жиберген окшойм. Көз тийет деп айтып калышат го. Балким көз тийди, балким ой көп болуп кетти. Тиги унаа саатына 130 чакырым ылдамдыкта келе жатыптыр, мен саатына 30 чакырым менен келе жаткан экем. Мен курска бара жаткам. 1 айлык жолум болгон. Мен көрбөй калган окшойм. Башка арга деле жок болчу. Ошол учурда унаам менен кайда качат элем, аргасыз болуп калган. Кача албайт болчумун. Балким мени тынчтан дегениби деп түшүндүм», — деди ал.